Оштун Араван районуна караштуу С.Юсупов айыл аймагынын мурдагы жетекчиси "жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берген" деп шек саналууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал 22-ноябрда кармалганын билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, жер тилкесинин баасы 11,8 миллион сом экени аныкталган. Шектүүнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголду.
Атайын кызмат бул ишке тиешеси бар башка жооптуу кишилерди аныктоо аракети болуп жатканын кабарлады.
"Азаттык" радиосу шектүүдөн же анын жакындарынан азырынча комментарий ала алган жок.
Дагы караңыз
"Эл менен эсептешкиле". Тууну өзгөртүү жана референдум сунушу“Бир дүйнө - Кыргызстандын” эки тасмасын көрсөтүүгө тыюу салындыУКМК мурдагы депутат Борис Сандын уулу кармалганын билдирди