Кыргызстандын Улуттук банкынын эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап туруу чечими 28-ноябрда күчүнө кирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Ноябрь айында инфляциянын көрсөткүчү 8% болду. Өлкөнүн Ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) реалдуу өсүшү январь-октябрь айларында 4,5%, “Кумтөр” алтын кенин кошуп эсептегенде 6,5% түздү.
Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономикалык өнүгүү темпи төмөндөйт. (BTo)
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров Лондондо Кыргызстанда 15 миңден ашуун кен табылганын айттыМинистрлик шектүүлөргө тагыла турган электрондук билериктерди сыноодон өткөрүп жататКатар: Израил менен ХАМАС ок атышпоо режимин эки күнгө узартууну макулдаштыМобилизацияга тартылгандардын жакындары Путинди сындап чыктыСтолтенберг орус армиясы Украинада “чоң жоготууга” учураганын айтты