Ош облустук милициясынын башчысынын үч орун басары кызматтан алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилип, анын үч орун басары - Алмаз Усеналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Алар буга чейин социалдык тармактарда тараган видеодон улам жумуштан алынган. Интернетке жарыяланган видеодо мас абалындагы эки киши көчөдө бири-бирин жөлөп-таяп басып баратканы, кийимдери кан экенин көрүүгө болот. Алар Ош облустук милициясынын кызматкерлери экени айтылган.

Окуя 23-ноябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында болгону такталып, бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталган.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп Ош облустук милициясынын кызматкерлери пикир келишпестиктен улам мушташканын аныктаган. ИИМ бул окуя боюнча топтолгон материал тийиштүү органдарга жиберилип, юридикалык баа берилерин кошумчалады.

Мекеме милиция кызматкерлеринин жүрүм-туруму кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу принциптерин бузганын билдирип, кызматкерлердин ушул сыяктуу жүрүм-турумуна мыйзам чегинде катаал мамиле жасаларын эскертти. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөрдө 186 бала тарбияланып жататГаза: ХАМАСтын барымтасынан дагы 17 киши бошотулдуАкылбек Жапаров британ ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды Италиялык студент кыздын өлүмүнө шектүү кармалды