Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөрдө 186 бала тарбияланып жатат

Министр Гүлнара Баатырова Аламүдүн районундагы фостердик үй-бүлөдө тарбияланып жаткан балдар менен.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова ушул тапта Кыргызстанда 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланып жатканын билдирди. Аларды каржылоо үчүн быйыл бюджеттен 48 млн сом бөлүнгөн.

Бул тууралуу ал Аламүдүн районундагы фостердик үй-бүлө көрсөткөн кызматтын сапатын текшерүүдө айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө фостер институту 2014-жылы 10 баладан турган беш үй-бүлөдөн башталган. Фостердик үй-бүлө — кароосуз калган балдарды убактылуу асырап берет.

Быйыл ноябрь айында эле Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган үч окуя болду.

8-ноябрда Бишкекте таштандыга ыргытылган ымыркай табылып, ооруканага жеткирилген.19-ноябрда Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде көчөгө калтырылган ымыркайды милиция кызматкерлери төрөт үйүнө алып барышкан. 20-ноябрда Жалал-Абадда таштанды челектен жаңы төрөлгөн кыз табылган. Үч ымыркай тең учурда ооруканада, абалы туруктуу экени кабарланган. Баарынын энелери табылган.

Бул окуядан кийин коомчулукта төрөп, багууну каалабаган энелер үчүн ымыркайларын калтыруучу атайын жайларды ачуу зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Газа: ХАМАСтын барымтасынан дагы 17 киши бошотулдуАкылбек Жапаров британ ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды Италиялык студент кыздын өлүмүнө шектүү кармалды Зеленский: Украина абадан коргонуу системаларына муктаж ЦАХАЛдын чабуулунан сегиз палестиналык набыт болгону кабарланды