Акылбек Жапаров “МАЙНЕКС – Евразия” эл аралык конференциясына катышат

Акылбек Жапаров Британиянын Кардифф шаарына барды. 25-ноябрь, 2023-жыл

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 25-ноябрда иш сапары менен Британиянын Кардифф шаарына барды.

Акылбек Жапаров Лондондо өтө турган “МАЙНЕКС – Евразия” кен казуу өнөр жайын инвестициялоо боюнча 11-эл аралык жыйынга катышып, тоо кен тармагы боюнча сөз сүйлөйт.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Министрлер кабинетинин төрагасы жумуш сапарынын алкагында тоо кен, энергетика, инвестиция, экономика, каржы, соода тармактары боюнча Британиянын расмий өкүлдөрү жана бир катар ишканалардын жетекчилери менен жолугушат.

Акылбек Жапаров ошондой эле кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынына да катышат.

“МАЙНЕКС – Евразия” - Евразиялык инвестициялык конференция - Евразия континетинин геологиялык жана тоо-кен тармагында эл аралык кызматташтыкка багытталган платформа. 2012-жылдан бери Лондондо өткөрүлүп келет.

Ушул жылы июнь айында Бишкекте кыргыз-британ кызматташтыгы талкууланган. Анда тараптар маданий-гуманитардык, өзгөчө билим берүү, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү керектигин белгилешкен.

Ага чейин Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид Бишкекке келип, ишкерлер, өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстанды Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жардам бербөөнү эскерткен. (ZKo)

Дагы караңыз

Аба ырайы: Күн ачык болотГаза тилкесинен эки кыргызстандык эвакуацияландыКиевге бир түндө 70тен ашуун дрон чабуулу болду ХАМАСтын барымтасынан бошотула турган 13 адамдын аты-жөнү белгилүү болду