ХАМАС радикал тобунун колунда барымтада калган адамдарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып жаткан Катар Израилге 25-ноябрда бошотула турган 13 адамдын тизмесин берди. Тизмеде аялдар менен балдар бар.
ХАМАС (АКШ менен Европада террордук топ деп таанылган) бир күн мурда 13 израилдикти барымтадан бошоткон. Анын ичинде 34 жаштан 85 жашка чейинки тогуз аял, эки жаштан тогуз жашка чейинки төрт бала эркиндикке чыкты. Бошотулган аялдардын бири мурдараак каза болду деп кабарланган.
Бошотулгандар учурда Израилде ооруканада дарыланып жатат. Маалымат каражаттары алардын абалы канааттандырарлык экенин билдиришти.
Таиланддын бийлиги 24-ноябрда бошотулган 11 жаранынын аты-жөнүн жарыялады. Барымтадан бошотулгандардын ичинде Филиппиндин жараны да бар. Булар Израилде иштеп жүрүп барымтага алынган. Таиланддын дагы 20 чакты жараны ХАМАСтын колунда кала берүүдө.
ХАМАС радикал тобу Израилге кол салган учурда 240 чакты адамды барымтага алган.
Тараптар ок атууну төрт күнгө токтотууга келишип, бул аралыкта барымтада кармалып турган 50 адамды бошотууну макулдашкан.
АКШ президенти Жо Байден танапистин убактысы узарышы ыктымалдыгын маалымдаган.
Израил өз кезегинде абакта камалып жаткан 39 палестиндик аял менен өспүрүмдү бошоткону маалым болду. 25-ноябрда дагы ошончо адам Израилдин түрмөлөрүнөн чыгары күтүлүүдө.
Ок атышуу токтоп турган учурда Газа тилкесине гумантиардык жардам киргизүү да макулдашылган. Жума күнү тилкеге 196 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам алып кирди. Бул Израил ХАМАСка каршы чабуулун баштаган күндөн берки эң көп кое берилген жүк.
Бир суткадан ашык убактан бери келишимди эки тарап тең сактоодо. Израил аскерлери тилкедеги позицияларында калган. ЦАХАЛ келишим мөөнөтү бүтөрү менен ХАМАСка каршы чабуул уланарын билдирген.
Ок атышууну токтотуу жума күнү башталган, келерки шейшембинин кечинде аягына чыгат. Бул макулдашууга тараптар Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен жетишти.
7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салып, 1200 кишинин өмүрү кыйылган.
Газа тилкесинде жөөт аскерлеринин адегенде абадан, андан кийин жердеги соккуларынан өлгөндөрдүн саны 13 миңден ашты. Алардын 6 миңге чукулу балдар, 3,5 миңдейи аялдар. ХАМАС көзөмөлдөгөн аймактын бийлиги берген бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.