Киевге бир түндө 70тен ашуун дрон чабуулу болду

Дрон чабуулуна кабылган үй. Киев. 25-ноябрь, 2023-жыл.

25-ноябрга караган түнү Орусиянын Киевди аткылоосунан беш адам жараат алды, бирөө 11 жаштагы бала.

Бул тууралуу Киевдин мэри Виталий Кличко Телеграм-каналына жазды.

Мэрдин маалыматында, абадан чабуул тууралуу эскертүү алты саатка созулду. Бул аралыкта орусиялык дрондордун аткылоосунан Соломен районунда бала бакча өрттөнүп, үйлөрдүн айнектери күбүлүп түшкөн. Беш кабаттуу үйдө камалып калган эки аялды куткаруучулар чыгарган. Дрондун сыныгы ачык жерге кулап, өрт чыккан.

Ушундай эле дрон сыныктары Печора, Подольск райондорунда ачык жерге, ал эми Днепропетровск жана Голосеев райондорунда көп кабаттуу үйгө түшкөн.

Учурда куткаруу иштери жүрүп жатат.

Украин аскерлери 25-ноябрга караган түнү Орусиянын дрон чабуулу өзгөчө катуу болгонун белгилешти. 75 дрондун 71и атып түшүрүлдү.

60 чакты дрон Киевге багытталган. Шаар тургундары жана маалымат каражаттары да чабуул алты саатка созулганын маалымдашты. Чабуулдун натыйжасында шаардагы 77 көп кабаттуу үй жана 120 мекеме электр жарыгы жок калган.

Украин президенти Владимир Зеленский чабуул Голодомордун 90 жылдыгына туш келгенин белгиледи.

Орусия Киевге чабуулун комментарийлеген жок.

Аскердик талдоочулар акыркы сутканы эске албаганда Орусия акыркы бир нече айдан бери Украинага ракета менен жапырт чабуул койбогонун, аны масштабы чоң чабуулга даярдап жатканын айтышууда.

Шахед 131

Дагы караңыз

Бишкекте мыйзамсыз медициналык кызмат көрсөткөн 21 мекеме жабылды"Ар бир ката чоң сабак болгон". Жапондор өлкөсүн кантип өнүктүргөн?"Чек арасыз кабарчылар" жана DWA "Клоопту" колдоого чакырдыВенанын аянтында пианино ойногон кыргыз уулу Рамил"Апрелчилер" Бакиевдин келишине каршы экенин билдиришти