Орус армиясынын чабуулунан Херсондо балдар китепканасы талкаланды

Орус армиясынын аткылоосунан талкаланган Херсондогу балдар китепканасы.

Орусиянын армиясы 24-ноябрдын таңында жасаган аба чабуулунан Херсондогу балдар китепканасы талкаланды. Бул тууралуу облус губернатору Александр Прокудин Телеграмга жазды.

"Балдар китепканасы. Таңкы саат алты. Снаряддын түз тийиши. Жырткычтар канчалаган жылдардан бери эң кичине кардарларды жана алардын ата-энелерин кубанычка бөлөп келген Херсондогу китепкананы жок кылышты ", - деп жазды Прокудин. Бул маалда китепканада эч ким болбогондуктан жабыркагандар катталган жок.

Жалпысынан орус армиясынын аткылоосунан соңку бир суткада Херсондо үч киши мүрт кетти. Он бир киши, анын ичинде эки бала жараат алганын Прокудин кошумчалады.

Маалыматка караганда, снаряддар калк жашаган аймактарга тийип, кичи райондордун биринде бир нече өрт тутанды. Менчик турак жай менен автоунаа жабыркаганын Украинанын Ички иштер министрлиги бышыктады.

Фронт тилкесинде жайгашкан Херсон облусу дарыянын сол жээгиндеги орус күчтөрүнүн аткылоосуна дээрлик күн сайын дуушар болуп келет. Жумага караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына Х-59 башкаруучу эки ракета жана үч жанкечти дрон менен сокку урган. Учкучсуз аппараттар асманда жок кылынганын украин армиясы билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул боюнча комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

Бишкектин Свердлов районунун акими алмашты Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 4 484 адамга жеттиКазакстанда ондон ашуун активист жапырт кармалды