Караколдо балдар зомбулугуна каршы форум өткөрүлдү

Балдарга зомбулук кылууга каршы акция. Бишкек. 8-июль, 2023-жыл.

Каракол шаарында "Биздин балдар. Коопсуз чөйрө" деп аталган социалдык форумда балдарга каршы зордук-зомбулукту алдын алуу, жабыр тарткан балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү чаралары, дени сак үй-бүлөнү түзүү жаатындагы маселелер ортого салынды.

Форумга катышкан окуучулар балдардын жашоо, билим алуу жана башка укуктары боюнча дил баяндарын окуп беришти.

Аягында форумдун катышуучуларына ички күчтү жана зордук-зомбулукка жол бербөө чакырыгын символдоштурган “Кыздардын колунан баары келет” инсталляциясы көрсөтүлдү.

Иш-чара балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаеванын демилгеси менен “Зомбулукка каршы 16 күн” дүйнөлүк акциясын утурлай өткөрүлдү.

Жыл сайын 25-ноябрда кыздарга жана аялдарга карата зомбулукту жоюу үчүн күрөштүн эл аралык күнү белгиленет, аны менен “Зомбулукка каршы 16 күн” дүйнөлүк акциясы башталат.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган.

Балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев да белгилеген. Ал 17-ноябрда Чүй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында мекеменин кызматкерлерин өлкөдө аялдар менен балдарга жасалып жаткан зомбулукка каршы күрөшүүгө үндөгөн. (ZKo)

Дагы караңыз

“ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалдыЖон Кеннеди. Эң таасирдүү президенттин сырдуу өлүмүИсмаилова: "Бир дүйнө" фестивалында режиссер Купистинин Украинадагы согуш жөнүндө тасмасы жабык көрсөтүлөт600 мектептин башталгыч класстарына ысык тамак берилетТүркмөнстандык укук коргоочу Түркияга киргизилген жок