Садыр Жапаров Бакуда БУУнун Борбор Азия экономикасы үчүн программасынын саммитине катышат

Садыр Жапаров Баку шаарында. 23-ноябрь, 2023.

24-ноябрда Азербайжандын борбору Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Ага катышуу үчүн президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Бакуга барганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, Атайын программанын 25 жылдыгы белгиленген саммит Азербайжандын төрагалыгы алдында өтөт. Анда өлкө лидерлери экономикалык кызматташтыктагы маселелерди талкуулап, аймактагы өлкөлөрдүн экономикасын чыңдоого багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.

Иш сапарынын алкагында президент Жапаров Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиев менен жолугушары кабарланды.

Садыр Жапаров баштаган делегациянын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Омар Султанов, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бар.

БУУнун Борбор Азия экономикалары үчүн Атайын программасы Туруктуу өнүгүү максаттары долбоорун ишке ашыруудагы аймактар аралык кызматташтык үчүн аянтча болуп саналат. Учурда бул программага Азербайжан, Ооганстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан мүчө.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн бул программага мүчө өлкөлөр менен товар алмашуусу соңку беш жылда эки эсеге өскөн.

Дагы караңыз

“ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалдыИсмаилова: "Бир дүйнө" фестивалында режиссер Купистинин Украинадагы согуш жөнүндө тасмасы жабык көрсөтүлөтКиевдин "кара тизмесине" Кудрин менен Чубайс кошулду600 мектептин башталгыч класстарына ысык тамак берилет