Казак активисттери үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жообуна тартууну талап кылышты

Алматыдагы пресс-конференция. 22-ноябрь 2023-жыл

22-ноябрда Алматыдагы Адам укуктарын коргоо бюросунда укук коргоочулар менен активисттер Казакстандагы фемицидди токтотууга чакырган пресс-конференция өткөрүштү. Алар үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жообуна тартууну талап кылышты.

Жыйында жакында чоң муштум күйөсүнөн токмок жеп каза тапкан Салтанат Нукенова аттуу келиндин трагедиясы зомбулуктун масштабын даана көрсөткөнү белгиленди.

Айрым спикерлер үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы тууралуу жаңы мыйзам долбоору кечеңдегенине нааразылыгын айтышты.

Дагы бирөөлөрү фемицид аялдардын гана көйгөйү эместигин, мамлекет дагы кийлигишүүгө тийиш деген пикирлерин ортого салды.

«Үй-бүлөдөгү зомбулук кылмыш-жазык кодексине киргизилмейин андай зордук-зомбулук үчүн жазалоону күчөтүүдөн майнап чыкпайт», - деп айтты укук коргоочу Айгерим Кусайынкызы.

Пресс-конференцияда айтылган маалыматка караганда, Казакстанда психотерапевттин жардамына кайрылган ар бир экинчи аял зордукталган, ар бир бешинчиси жашы толо электе зордуктоого кабылган.

11-ноябрда Астана соту Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевди эки айга камады. Ал 31 жаштагы жубайы Салтанат Нукенованы өлтүрүүгө шектелүүдө. Маркум ырайымсыз сабалгандан кийин көз жумган.

Расмий маалымат каражаттары президент Касым-Жомарт Токаев Ички иштер министрлигине ал ишти "өзгөчө көзөмөлгө" алууну тапшырганын жазышкан.

"Азаттыктын" казак редакциясы кабарлаганадй, кошуна өлкөдө статистика боюнча кыз-келиндердин көбүнө күйөөлөрү же жакын мамиледеги адамдары күч колдонгон. Жыл сайын полицияга үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 100 минден ашуун маалымат түшөт. Арыздардын чакан бөлүгү боюнча гана чара көрүлөт.

БУУ Казакстанда жылына күйөөлөрүнүн же жакын мамиледеги адамдарынын колунан 400дөй аял каза табарын билдирген.