21-ноябрда Москванын Замоскворецк райондук соту Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Дмитрий Муратовдун өзүн “чет өлкөлүк агенттер” реестринен чыгаруу арызын четке какты. Журналист доо арызды Орусиянын Юстиция министрлигине каршы берген. Мекеме аны тизмеге сентябрдын башында киргизген.
Министрлик Муратов чет элдик агенттердин материалдарын жаратууга жана таратууга катышкан, “орусиялык саясатка каршы терс мамилени түптөөгө багытталган пикирлерин бөлүшүү” үчүн “чет өлкөлүк булактарды пайдаланган” деп билдирди.
“Новая газетанын” мурдагы башкы редактору чет жактардан эч качан каржылоо албаганын айтып келет. Жана маалымат таратуу журналисттин иши экенине, реестрдеги адамдарга шилтеме кылууга мыйзам тыюу салбаганына көнүл бурат.
Орусияда "Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, Юстиция министрлиги чет жактан каржыланган жана саясий ишмердик менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарды "чет өлкөлүк агент" деп тааный алат. Юристтер ошол ишмердик аныкталган критерийлер мыйзамда так көргөзүлбөгөнүн белгилешет. Кийин тизмеге маалымат каражаттарын жана жеке адамдарды кошууга өбөлгө түзүлгөн. Реестрде бейөкмөт уюмдар, көз карандысыз маалымат каражаттары, арасында "Свобода" радиосу, журналисттер, блогерлер бар. Агент деп таанылган адамдар бир катар чектөөлөргө туш болгон.
Кыргызстандагы "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорунун 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” мыйзамынан көчүрүлүп алынганы аныкталган