Бүгүн 22-ноябрда Бишкекте «Салык чек» лотереясынын жеңүүчүлөрүнө кезектеги байгелерди тапшыруу иш-чарасы өттү. Салык кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 9 электромобиль жана чет өлкөгө эки жолдомо тапшырылды.
Быйыл мындай лотерея экинчи жыл ойнотулууда. Быйылкынын биринчи этабы июнь айында уюштурулган. Ошондогу жеңүүчүлөрдүн байгелери тапшырылууда.
Негизги максат салык төлөөчүлөрдү көмүскөдөн чыгаруу, соодагерлерде да, кардарларда да чек колдонуу маданиятын калыптандыруу, бюджетке салык төлөмдөрүн көбөйтүү экени маалымдалган.
Лотереянын экинчи этабы 30-декабрда ойнотулат.
Байгеге быйыл жалпысынан 2376 баалуу белек коюлганы, арасында батирлер, автомашиналар бар экени кабарланган.
Муфтият Салык кызматынын чек лотереясы шариятка каршы келбей турганын билдирген. (RK)
Дагы караңыз
HRW: Исламды "кытайлаштыруунун" алкагында мечиттер жабылуудаНоокаттын акими кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын билдирди Базарбaев: Орусияда маңзат менен кармалган кыз-келиндер көбөйдү Жалал-Абад шаарында уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалды