Ноокаттын акими кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын билдирди

Данир Иманалиев.

Ош облусунун Ноокат районунун акими Данир Иманалиев өз каалоосу менен кызматынан кетүү чечимин кабыл алганын бүгүн 22-ноябрда билдирди. Ал “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирүү жарыялап, районду 2 жыл 6 ай башкарганын айтты жана жасалган иштерди тизмектеди.

46 жаштагы Иманалиев Ноокатка башчы болуп 2021-жылы май айында дайындалган. 2020-жылы ал парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп катышкан. 2016-2020-жылдары Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районун жетектеген.

Өткөн аптада, 15-ноябрда Иманалиевдин кызматтык автоунаасы жол кырсыгына кабылган. Ал окуя учурунда кызматтык машинада өзү болбогонун, айдоочусу жумуштан кийин айдап кеткенин, териштирүү башталганын “Азаттык” айтып берген. Окуянын видеосу социалдык түйүндөргө тарап, кызматтык машина жумуш убактысы аяктаган учурда да колдонулуп жатканы иликтениши керек деген пикирлер жазылган.

Ушул жылдын февраль айында мамлекеттин эсебинен бардык район, шаар башчыларына Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылган.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларын президент дайындайт жана иштен алат. (RK)

Дагы караңыз

Базарбaев: Орусияда маңзат менен кармалган кыз-келиндер көбөйдү Жалал-Абад шаарында уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалды"Бөбөк сызда жатып калган". Дагы эки ымыркай көчөдөн табылды Көлбаевге таандык 720 батирди ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп беришкени кабарланды