Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

23-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9,

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8,

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 5…7° болот.

Дагы караңыз

Көлбаевге таандык 720 батирди ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп беришкени кабарландыЫмыркайын таштаган келин баланын атасы абактагы киши экенин айтып бердиКыргызстанга алты жылда чет өлкөлөрдөн 550дөн ашуун адам экстрадицияландыKG Group компаниясынын негиздөөчүсү Ташовдун камак мөөнөтү узартылды