Бишкектеги Эл аралык кинофестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды

«Акыркы көч» тасмасынан алынган кадр.

21-ноябрда Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера-балет театрында Эл аралык Бишкек кинофестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Кинофестивал улуттук жана эл аралык категорияларда өттү: он тасма эл аралык, сегиз тасма улуттук категориядагы сынакка катышты.

Кинофестивалдын улуттук сынагын режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" тасмасы жеңип алды.

"Мыкты режиссер" наамын "Эрмен жыты" тасмасын тарткан Айбек Дайырбеков утуп алды. "Көл" фильминдеги ролу үчүн Артык Сүйүндүков "Мыкты актер" деп таанылды.

Артык Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасын тарткан оператор "Мыкты көркөм аткаруу" сыйлыгына Акжол Бекболотов ээ болду. Эрнест Абдыжапаровдун "Сагынбай Манасчы" фильми фестивалдын атайын сыйлыгын алды.

Эл аралык категорияда "Мыкты фильм" номинациясын өзбекстандык Шакир Холиков тарткан "Жекшемби" деп аталган тасма утту.

"Мыкты режиссер" болуп "Эсимде" тасмасынын автору Актан Арым Кубат таанылды. "Мыкты актриса" наамын Саха Республикасынан келген режиссер Михаил Кулунаковдун "Жалгыз аяк жол" тасмасындагы ролу үчүн Лия Санаа утуп алды.

Калыстардын байгеси казакстандык режисстер Кенжебек Шайкаковдун "Айкай" тасмасына ыйгарылды. Эл аралык Бишкек кинофестивалы 17-ноябрда башталган. (ZKo)

Дагы караңыз

Израил менен ХАМАС ок атышууну токтотууга келиштиМайданга 10 жыл: Украина эңсеген Евробиримдикке кире алабы?Бакуда Abzas Media эркин басылмасынын журналисттери кармалдыФутбол: Кыргызстан Оманды 1:0 эсебинде утту