Кыргызстан-Оман футбол беттеши башталды

Бүгүн 21-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Омандын командасы менен беттешүүдө. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтүп жатат.

16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын оюнчулары менен беттешип, 4:3 эсебинде жеңилген.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен үйдө жана конокто беттеш өткөрөт.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарларында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азия континентинен сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама команда 9 тайпага бөлүнүп ойнойт. Оюндардын жыйынтыгында тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.

Дагы караңыз

Жапаров Минск шаарында өтө турган ЖККУ жыйынына катышатАКШ мыйзамсыз барган өзбек мигранттарын өткөрбөйтТөкмөлүк өнөрдү жаштарга өткөргөн алтын көпүрө Украина: Майданда жанган үмүттүн 10 жылы