Алиев Франция Арменияны курал-жарак менен камсыздап, жаңы согушка шарт түзүүдө деп айыптады

Илхам Алиев

Азербайжан президенти Илхам Алиев Франция Арменияны курал-жарак менен камсыздап, Түштүк Кавказда жаңы согуштун тутанышына өбөлгө түзүүдө деп айыптады. Өткөн айда француз бийлиги Ереванга аскердик каруу-жарактын жаңы партиясын жөнөтүү макулдашылганын билдирген.

“Франция өзүнүн мурдагы жана азыркы колонияларын эле эмес, жикчилдерди жана сепатартисттик тенденцияларды колдоо менен биздин аймакты да туруксуздаштырып келатат”, - деп айтты азери президенти Бакудагы конференцияда.

Париж тараптан бул дооматтарга реакция боло элек.

Азербайжан менен Армения 30 жылдан ашуун убакыттан бери Тоолуу Карабактын айынан жаңжалдашып келген.

Быйыл 19-сентябрда Азербайжан аймакта "антитеррордук операция" баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында анклавдын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып берген.

Эл аралык коомчулук тааныбаган "Тоолуу Карабак Республикасынын" лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын жүз миңден көбү Арменияга чыгып кетти.

Еврошаркет, АКШ жана Орусия узак жылдардан бери арачы түшкөнүнө карабай, Азербайжан менен Армения тынчтык келишимине кол коё элек. Тараптар жабык турган чек араны демаркациялоо ишин да жүргүзүүгө тийиш.

Баку ушу тапта тынчтык келишимин түзүү жагынан артыкчылыктуу позицияда турат. Азербайжан бийлиги Батышка, айрыкча армяндардын күчтүү таасирине ээ болгон Франция менен АКШга сын пикирин ачык айтып, алар сунуш кылган келишимди четке кагууда.

Өткөн аптада франциялык дипломатиялык булак Париж Бакудан киберчабуулга байланыштуу түшүндүрмө талап кылганын билдирген. Маалыматка караганда, киберчабуулдарга каршы кызмат Париждин 2024-жылкы жайкы Олмпиаданы өткөрүү дараметине көлөкө түшүрүү аракети катталганын, ал Азербайжандан жасалганын аныктаган.

Дагы караңыз

Кыргызстан-Оман футбол беттеши башталды Жапаров Минск шаарында өтө турган ЖККУ жыйынына катышатАКШ мыйзамсыз барган өзбек мигранттарын өткөрбөйт