Орусияда метадонго ууланган бир нече киши каза тапты

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Астрахан шаарында кеминде үч адам жасалма баңгизат - метадонду ашкере пайдаланып каза болгонун ТАСС агенттиги билдирди. "Известия" басылмасына полициядагы булак төрт адам өлгөнүн айткан.

Метадонду ашыкча пайдаланган 20 чакты адам бир нече күн аралыгында Астрахандагы ооруканаларга кайрылган. Алты кишинин абалы оор экенин жергиликтүү саламаттык сактоо мекемелери дүйшөмбүнүн кечинде билдиришкен.

ТАСС менен "База" басылмасы тергөөгө шилтеме кылып, жабыркагандар метадонду мефедрон деп адашып пайдаланганы үчүн ууланганын маалымдады.

Полиция метадон сатууга шек саналып үч киши кармалганын билдирип, кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары экенин "Интерфакс" агенттиги жазып чыкты.

Дагы караңыз

АКШ Украинага аскердик жардам жана HIMARS системасын беретChatGPT түзүүчүлөрү директорлор кеңешинин кызматтан кетишин талап кылууда Журналист Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыктыГазадагы апаатты көргөн казактын, Тель-Авивдеги кыргыздын баяны Армения ЖККУдан жардам суроодон баш тартты