АКШ Украинага аскердик жардам жана HIMARS системасын берет

АКШ Украинага 100 млн долларлык жаңы аскердик жардам берилерин жарыялады. Анын ичинде HIMARS ракеталык системасы бар. Мындан тышкары Киев зениттик "Стингер", танкка каршы "Жавелин", TOW жана АТ-4 ракеталарын, артиллериялык курал-жарактарды, үч миллиондон ашуун ок, аскердик техниканын тетиктерин, кийим-кече жана башка жардам алат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысы Энтони Блинкендин билдирүүсүндө, аскердик жардам Украинага өз аймагын бошотуп алуусуна көмөктөшөрүн жазганын "Америка авазы" радиосу билдирди.

"Орусия баскынчылык согушун токтотмоюнча, АКШ жана 50дөн ашуун өлкөдөн түзүлгөн коалиция Украинаны колдоосун уланта берет", — деп жазылган билдирүүдө.

Украинага жаңы аскердик жардам тууралуу АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин 20-ноябрдагы Киевге сапарынан кийин жарыяланды. Украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусунан кийин өткөн маалымат жыйынында Остин украин аскерлери орус армиясын кыйла алсыратканын, оккупацияланган аймактын жарымынан көбүн кайтарып алып, өз жээктеринен Кара Деңиз флотун сүрүп чыгарууга жетишкенин белгиледи.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Андан бери Вашингтон Киевге 43,9 миллиард долларлык жардам жөнөттү.

Дагы караңыз

ChatGPT түзүүчүлөрү директорлор кеңешинин кызматтан кетишин талап кылууда Журналист Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыктыАрмения ЖККУдан жардам суроодон баш тарттыТажикстанда оппозициячыл журналисттин агасы убактылуу кармоочу жайдан табылдыКөлбаевге байланыштуу кармалган Салимовдун уулуна издөө жарыяланды