ChatGPT түзүүчүлөрү директорлор кеңешинин кызматтан кетишин талап кылууда

OpenAI компаниясынын ChatGPT программасын иштеп чыккан 770 кызматкеринин 700дөн ашууну компаниянын директорлор кеңеши кызматтан кетпесе, өздөрү жумуштан кетерин билдиришти. Алар директорлор кеңешин татыксыз деп эсептей турганын жетекчиликке жазган катында билдиришкен.

Нааразылыкка директорлор кеңешинин компаниянын башчысы Сэм Альтманды жана башкаруучу кеңештин төрагасы Грег Брокманды кызматтан алуу чечими себеп болгон.

Wired журналы маалымдагандай, кызматкерлердин катында: "Силердин чечим биздин бардык ишибизди жана компаниянын миссиясын коркунучка кептеди",- деп жазылган.

Катка директорлор кеңешинин мүчөсү Илья Суцкевер да кол койгон. Ал компаниядагы илимий тармакка жооп берет.

Axios басылмасы Альтманды бошотууну чечкен директорлор тобунун артында Суцкевер турганын жазып чыкты.

Кат жарыяланардын алдында Суцкевер Х соцтармагындагы баракчасына өзүнүн аракетине өкүнөрүн билдирди: "Мен эч качан OpenAI компаниясына зыян кылгым келчү эмес. Баарыбыз биргелешип түзгөндүн баары мага кымбат, компанияны бириктирүүгө колумдан келгенин жасайм", - деп жазды ал.


Альтман жума күнү кызматтан бошотулган. Директорлор кеңешинин бул чечими компаниянын кызматкерлери жана инвесторлору үчүн күтүүсүз болду. Инвесторлордун каршылыгынан соң, кеңеш аны кайтарып келүүгө даяр экенин ишарат кылган.

Жекшембиде Альтман OpenAI ишканасынын башкы кеңсесинде коноктор үчүн берилүүчү төшбелги тагынган сүрөтүн соцтармакка жарыялады. Дүйшөмбү күнү ал OpenAI компаниясынын негизги инвесторлорунун бири - Microsoft корпорациясында жумушка чыкты. Альтман бул корпорацияда изилдөөчүлөр тобун жетектейт.

Нааразылык катка кол койгон кызматкерлер баары Microsoft корпорациясына өтүп кетерин билдиришкен. Азырынча алардын катына директорлор кеңеши жооп бере элек.

Дагы караңыз

Журналист Гүлжан Шерипбаева үй камагына чыктыГазадагы апаатты көргөн казактын, Тель-Авивдеги кыргыздын баяны Эмдетпөөнүн азабы. Кыргызстанда кызамык жайылып жатат Кыргызстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу үчүн даярдык көрүүдө