Тогуз-Тородо “Саймалуу таш санаты” аттуу республикалык айтыш өттү

“Саймалуу таш санаты” аталышындагы республикалык айтыштын жеңүүчүсү Абдылда Нуралиевге калыстар тобунун төрагасы Түгөлбай Казаков сыйлык тапшырууда.

Байге фонду 1 миллион сомду түзгөн “Саймалуу таш санаты” аталышындагы айтыш Тогуз-Торо райондук Азирет Сыдыков атындагы маданият үйүндө өттү.

Анда баш байгени төкмө акын Абдылда Нуралиев жеңсе, 1-орунга Азамат Болгонбаев, 2-орунга Тынчтыкбек Эсенбай Уулу, 3-орунга Темирбек Матыбаев ээ болгон.

Кезектеги республикалык айтыш президент Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жана Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” петроглифтерин ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максатында өткөрүлгөн.

Маданий саамалыкты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлигинин колдоосу менен Кыргыз улуттук "Манас" театры Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурган.

Белгилей кетсек, аталган айтыштын тандоо туру 6-ноябрда Бишкекте өтүп, ага өлкө боюнча 34 акын катышкан. Калыстардын чечими менен 16 төкмө акын кийинки турга жолдомо алган. (MZh)