Бүгүн, 20 - ноябрда Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Татьяна Стрельцова акыркы сапарга узатылды.
Актриса менен коштошуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Макстов жана маркумдун жакындары, кесиптештери катышты.
Байсалов өз сөзүндө Татьяна Стрелцованын Кыргызстандын театр өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы баа жеткис экенин, ал өз кесибин өзгөчө сүйгөндүктөн, дээрлик 40 жыл бою театрга чын жүрөктөн берилип иштегенин, ал аралыкта көптөгөн мыкты ролдорду аткаргандыгын белгиледи.
Ал эми министр Алтынбек Максутов Татьяна Стрельцова кыргыз интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири болгонун, анын басып өткөн жолу жаш муундар үчүн үлгү экенин айтып, жакындарына жана кесиптештерине көңүл айтты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, актрисанын сөөгү Бишкектеги "Түндүк" көрүстөнүнө коюлду.
Эске салсак, Татьяна Стрельцова 17-ноябрда 70 жашында акка моюн сунган.
Актриса 1953-жылы 15-февралда Казакстандын Москалевка кыштагында туулган.
1972-жылы театр студиясын аяктагандан кийин Бишкектеги орус драма театрында иштей баштаган. 40 жыл аралыгында театрда 70тен ашык ролдорду жараткан. Алардын арасында "Дети Ванюшина" спектаклинде Иннанын, "Живи и помни" спектаклинде Агафьянын, "Оскар и Розовая дама" спектаклинде Оскардын ролдору бар.
Стрельцова театр өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн 1983-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1996-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары менен сыйланган. (MZh)