АКШнын коргоо министри Ллойд Остин 20-ноябрда Киевге барды. Ал Вашингтон Украинаны Орусияга каршы согушта колдоону уланта берерин X социалдык түйүнүнө жазды.
“Бүгүн мен бул жерге маанилүү билдирүүнү жеткирүү үчүн келдим. Кошмо Штаттар Украинаны Орусиянын агрессиясына каршы эркиндик үчүн күрөштө азыр да колдойт, келечекте да колдоону улантат”,-деп жазды Ллойд Остин.
Ал Польшадан Украинага поезд аркылуу барды. Согуш башталганы бул коргоо министринин Киевге болгон экинчи жолку сапары.
Остин Америкада Украинага мындан аркы жардам көрсөтүү маселеси талкууланып жаткан маалда барды. Ак үй Киевди колдоону улантуу керек экенин билдирип келет. Азырынча Конгрессте каржы маселеси боюнча мунаса табыла элек.
Вашингтон Орусия согуш баштаганы Украинага миллиарддаган долларлык аскердик жана башка жардам көрсөттү.
Дагы караңыз
Орусияда миграция саясатынын жаңы концепциясы сунушталдыОрусияда украиналык ырчы Жамалага издөө жарыяландыОшто бир класста 70-80 бала окуп жаткан мектептер бар экени айтылды