Бишкекте чеченстандык активист сот залынан бошотулду

Мансур Мовлаев, Чеченстандык активист.

Кыргызстанда кармалып, камалган чеченстандык активист Мансур Мовлаев бүгүн 20-ноябрда Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер боюнча коллегиясынын чечими менен сот залынан бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Бакыт Автандил билдирди:

“Алты айлык жаза мөөнөтүн өтөп бүттү. Ошонун негизинде сот залынан бошотулду. Азыркы макамы – ал бош адам. Өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим ошо бойдон күчүндө калды. Бирок сот бошоткондон кийин ага кандайдыр бир кызматкерлер келип “токтоп туруңуз” деген жок".

Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындап жүргөн активист мекенинде аны катаал жаза күтүп турганына кооптонгонун билдирип, канча жыл болсо да Кыргызстанда жазасын өтөөнү суранган. Ал былтыр өмүрүнөн кооптонуп, Орусиядан качып чыккан.

Быйыл августта Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аны Ысык-Көлдөн кармаган. УКМК Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында колго түшүрүлгөнүн билдирген.

Мовлаевге "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып тагылып, 4-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен мекенине депортациялоо менен алты айга эркинен ажыратылган. (RK)

Дагы караңыз

Эмдетпөөнүн азабы. Кыргызстанда кызамык жайылып жататСокулукта таза суу талап кылган акцияда кармалгандарга өкүм чыктыКыргыз-казак чек арасында 500 жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп туратЭкономика жана коммерция министринин төрт орун басары кызматтан алынды