2024-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7% көтөрүү пландалууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн келерки жылы 7% көбөйтүү максаты тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Ал буга мамлекеттик бюджеттен кошумча 997 млн сом каралып жатканын бүгүн, 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде 2024-жылдын бюджетин талкуулоо учурунда билдирди.

"Азырынча пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7% көбөйтүү планыбыз бар. Кийинки жылдын биринчи жарымындагы акчанын түшүүсүнө жараша 1-октябрда көтөрүү боюнча так маалым болот", - деди Алиев.

Соцфонддун төрагасынын айтымында, бүгүнкү күнү Кыргызстандагы пенсионерлердин 24% пенсиясын "Кыргыз почтасы" аркылуу, калганы банктар аркылуу алат. Бул алардын тандоосуна жарашат болот.

Кыргызстанда жыл сайын 1-октябрда пенсиянын камсыздандыруу же базалык бөлүгү көтөрүлүп келет. Быйыл 1-октябрда камсыздандыруу бөлүгүнүн эсебинен пенсия 38 пайызга жогорулаган. Учурда пенсиянын орточо өлчөмү 9330 сом.

Кыргызстанда азыркы тапта 765 миң пенсионер бар.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-казак чек арасында 500 жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп туратКыргызстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу үчүн даярдык көрүүдө Эмдетпөөнүн азабы. Кыргызстанда кызамык жайылып жатат Экономика жана коммерция министринин төрт орун басары кызматтан алындыТоктогул ГЭСинде күзөттө турган жоокерге ок тийип, каза болгону кабарландыБишкекте көчөдөн табылган ымыркайдын абалы туруктуу деп бааланууда