Бишкекте дагы бир ымыркай көчөдөн табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

19-ноябрь күнү саат 22:45 ченде милицияга Бишкектеги "Арча-Бешик" жаңы конушунда көчөдөн жаңы туулган ымыркай - уул бала табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери ымыркайды төрөтканага жеткиришкен.

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) маалыматына караганда, учурда баланын энесин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Бала Арча-Бешик жаңы конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин тосмосунун жанынан табылган.

Буга чейин 8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү” беренеси менен шек саналып жатат. 14-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту шектүүнү сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан бошоткон.

Ымыркай азыр Бишкектеги №1 төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат.

Кыргызстанда балдарын төрөп, бирок багууну каалабаган энелерге балдарын өткөрүп берүү үчүн атайын жайларды ачуу маселеси көтөрүлгөн.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШнын мурдагы биринчи айымы Розалин Картер дүйнөдөн кайттыАш-Шифа: Араңжан ымыркайлар менен абалы оор бейтаптардын тагдыры "Технология заманында Кыргызстанда Америкадагыдай жашаса болот"Кайран Топчуке. Ала-Тоодогу демократиянын чыгаан жарчысы жана күрөшчүсү эле...Новосибирскиде ондогон тургун митингге тыюу салууга каршы чыкты