Ошто муниципалдык асфальт заводун куруу пландалууда

Асфальт-бетон жана таш майдалоочу завод курулат делген жер.

2024-жылы Ош шаарында муниципалдык асфальт-бетон жана таш майдалоочу завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул шаардагы жолдорду аз убакытта салуу жана оңдоого шарт түзөт.

18-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Озгур айылында курула турган заводдун жерин көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

“Быйыл жолдорду жасаганда канчалык көз каранды экенибизди көрдүк го. Сапаттуу материал бере алышпайт. Убагында келбей калат. Азыр деле кайсы завод бере алат деп жүрөбүз. Биз мындан ары жолдорду түндө гана салабыз”, - деди Бакытбек Жетигенов.

Андан тышкары кум, чопо, шагыл казылган карьерлерди иштетүү үчүн ижарага берилген жерлердин акысы боюнча да маселе көтөрүлдү.

Ош шаарында 2023-жылдын августуна чейин курулуш материалдарын казган ишканалар жерди пайдалангандыгы үчүн 1 гектарга 500 сом төлөп келген. Август айынан тарта ал 300 миң сомго чейин көбөйтүлдү. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык жай аныкталдыАкыйкатчы институту: Шерипбаева коюлган айыпка макул эмес экенин айттыПрезидент Жапаров УКМКнын төрагасы Ташиевди кайтарууну күчөттүМыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы биринчи беттешин жеңдиКыргыз киносуна быйыл 348,8 млн сом бөлүнгөн  Би-Би-Си: Украинада кеминде 37 миң орус аскери набыт болдуКиевге чабуул койгон дрондун баары атып түшүрүлдү