Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кайтарууну дагы күчөттү. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов ырастады.
“Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын аткарган милдеттерин эске алуу менен аны кайтаруу мурда эле күчөтүлгөн. Азыр андан да күчөтүлдү”, - деди Аскат Алагөзов.
Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары мындай чечим соңку убакта атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топторго каршы өткөргөн атайын операция, иш-чараларга байланыштуу экенин жазышты.
Камчыбек Ташиев акыркы эки айга чукул убакыттын ичинде уюшкан кылмуштуу топтор, коррупциялык схемаларга тиешеси бар адамдар тууралуу бир нече жолу билдирүү жасады.
Ал 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен маркум Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган. Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн.
Ташиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин дайындалган. Президент Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү. (BTo)
Дагы караңыз
Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы биринчи беттешин жеңдиКыргыз киносуна быйыл 348,8 млн сом бөлүнгөн Би-Би-Си: Украинада кеминде 37 миң орус аскери набыт болдуКиевге чабуул койгон дрондун баары атып түшүрүлдүГүлжан Шерипбаева соттун чечими менен 14 күнгө камалдыКараколдо монитор менен сабалган аял үйдө дарыланууда