Киевге чабуул койгон дрондун баары атып түшүрүлдү

Украина.

18-ноябрга караган түнү Орусия Киев, Одесса жана Хмельницкий облустарына "Шахед" жанкечти дрондору менен кол салды. Украинанын аба күчтөрү Курск облусунан учурулган 38 дрондун 29ун атып түшүргөнүн ырастады.

Киевдин мэриясы шаарга учурулган 10 дрондун баары атып түшүрүлгөнүн билдирди. Украин армиясынын маалыматында Одесса облусунда бир учаксыз учак "энергетикалык инфраструктуранын объектисине" келип түшкөндө бир адам жараат алды. Бул объект мунай базасы болгону айтылууда.

Одесса облусунун администрациясынын башчысы Олег Кипер ишкана жабыркап, жараат алган адам ооруканага жаткырылганын тастыктады.

Херсон облусунда өткөн сутка ичинде атышуулардан бир адам каза таап, үчөө жараат алды. Облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудиндин айтымында, снаряддар облустун калктуу конуштарынын турак жай кварталдарына жана Берислав районундагы маданият үйүнө тийген.

Өз кезегинде Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын учкучсуз учагы Брянск облусуна кол салууга аракет кылганын билдирди.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков ишемби күнү эртең менен Телеграм- каналында 17-ноябрда аймактагы калктуу пункттарга артиллериядан жана минометтордон 40тан ашык ок атылганын, бир нече айылга дрондор кол салганын жазды. Гладков аткылоодон жабыркагандар жана кыйроолор жок экенин белгиледи.

Украин тарап азырынча мындай билдирүүгө комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Гүлжан Шерипбаева соттун чечими менен 14 күнгө камалдыКыргыз киносуна быйыл 348,8 млн сом бөлүнгөн  Караколдо монитор менен сабалган аял үйдө дарыланууда Газада гуманитардык кризис курч, жугуштуу оорулар күчөдү Ташиев Ошто чиновник эмнеге кызматтан кеткенин айтты