17-ноябрда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Газа тилкесинен казакстандыктарды эвакуациялоо иши жыйынтыкталганын билдирди. Атайын борт менен Алматыга 99 казак жараны үй-бүлө мүчөлөрү менен жеткирилди.
Мекеме тараткан билдирүүдө айтылгандай, аларга убактылуу турак-жай берилип, укуктук, медициналык жана башка жардам көрсөтүлүүдө.
Казакстан өз жарандарын Израилдеги, Иорданиядагы жана Египеттеги элчиликтеринин, эл аралык уюмдардын биргелешкен аракети менен согуш болуп жаткан аймактан чыгарды.
Эвакуациялангандар Рафах өткөрмө бекети аркылуу Египеттин аймагына чыгарылып, Каирдеги мейманканага жайгаштырылган. Жалпысынан Газа тилкесинде 122 казак жараны бардыгы кабарланган эле.
Буга чейин бир казакстандык аял согуш жүрүп жаткан жерде мүрт кеткени маалым болгон.
Маалыматта жаңжал жүрүп жаткан аймакта калган казакстандыктарга жардам көрсөтүү иши уланары айтылган.
ХАМАСтын (АКШ жана Европада террордук деп таанылган) жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 220дай кишини барымтага алган. Кандуу чабуулдарда 1200дөй киши өлгөнү маалымдалган.
Израил радикал топко согуш жарыялап, Газа тилкесинде аба чабуулдарын баштаган. ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери толук курчоодо калган анклавда 11 миңден ашуун адам набыт болду. Алардын 4500ү балдар. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Дагы караңыз
Караколдо жоголуп табылган кыз мурда ур-токмокко кабылганы билинди Ташиев Көлбаев менен Матраимовго байланышы бар 70тен көп адам кызматтан алынганын айттыСот Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоровду 9-декабрга чейин камакта калтырды