Ак балык менен аты чыккан Акжолтой

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Балыкчы шаарынын тургуну Акжолтой Алмерекова 23 жылдан бери балык сатып иштейт. Жайында Ысык-Көлдө эс алуучуларды тейлесе, башка мезгилдерде Чүйдөгү, Оштогу, Жалал-Абаддагы кардарларына балыкты дүң баада сатат. Соңку жылдары ал бейөкмөт уюмдардан кайтарымсыз насыя алып, атайын окуулардан өтүп, ишин өнүктүргөн. Эми цех ачып, ишин кеңейтүүнү максат кылууда.