Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши шаршембиде Палестин-Израил кризиси боюнча Мальта сунуштаган резолюцияны кабыл алды. Кеңештин бир да мүчөсү каршы болгон жок. Орусия, АКШ жана Британия калыс калды.
Резолюцияда бардык тараптар өзүнүн эл аралык укук, анын ичинде гуманитардык укук, жай тургундарды - эң ириде балдарды коргоо боюнча эл аралык милдеттерин аткарууга тийиш экени талап кылынган.
Анда ХАМАС жана башка радикал топтор барымтада кармап турган адамдарды, өзгөчө балдарды токтооосуз түрдө бошотуу чакырыгы бар.
Коопсуздук Кеңеши ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салгандан кийин башталган Палестин-Израил кризиси боюнча кабыл алынган алгачкы резолюция.
Буга чейин аталган кеңеште бир нече варианттагы резолюциялар сунушталып, бирок бирөө да кабыл алынган эмес. Бразилиянын вариантын АКШ өткөрбөй, Вашингтон сунуштаган вариантты Москва менен Бээжин жактырбай койгон.
Дагы караңыз
Палестин элинин тагдырына таасир эткен тарых Финляндия Орусия менен чек ара бекеттерин жабышы ыктымалЖо Байден менен Си Цзинпин Калифорнияда жолугуштуПаранжы менен сакал: Кыргыз коомун кыйнаган маселе