Украин президенти Владимир Зеленский крым татарларынын ардагер лидери, укук коргоочу Мустафа Жемилевге "Украинанын баатыры" наамын ыйгарды жана “Алтын жылдыз” медалы менен сыйлады. Киевдеги салтанат 13-ноябрда, Жемилев 80 жашка толгон күнү өттү.
Жемилев 1991-жылы крым татарларынын башкаруу органы – Межлис пайда болгондон бери 2013-жылга чейин аны жетектеп турду. Орусия жарым аралды басып алганда, ал Киев тарапта болгон. Кийин Кремль Жемилевге мекенине барууга тыюу салган.
Ал бала кезинде сталиндик репрессиялар маалында крым татарлары менен чогуу Борбор Азияга депортацияланган.
Советтик мезгилде укук коргоочулук ишмердигине байланыштуу лагерлерге камалып чыккан. 1980-жылдары, “Кайра куруу” маалында мекенине кайтып барган. Кийин Крымдын атынан украин парламентине шайланган.
Азыр да оккупацияланган жарым аралдагы боордошторунун укуктары үчүн күрөшүп келатат.
Москванын башкаруусуна каршы чыккан крым татарлары басмырланып, куугунтукталып келатат, ондогон кишилер камакта отурат.
Дагы караңыз
Камбар-Ата-1 ГЭСи: Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 5 млн доллар беретПаранжыга, узун сакалга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду Газа: Израилдин танктары Аш-Шифа ооруканасына келди