Газадагы ири оорукананын жанына израилдик танктар топтолду

Аш-Шифа ооруканасы. Газа, 7-ноябрь, 2023-жыл

Газадагы ири оорукананын жанына израилдик танктар топтолгону кабарланды. БУУнун эсеби боюнча, Аш-Шифа комплексинде миңдеген, балким 10 миңдей киши – бейтаптар, медициналык кызматкерлер, аргасыз жер которгондор бар болушу ыктымал. Салгылашуулар жүрүп жаткандыктан, алар ошол жерден чыга албай турушат. Дарыгерлер эң керектүү каражаттар, күйүүчү май, суу түгөнүп баратканын, оор абалдагылардын өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып коңгуроо кагышууда.

Израил АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС тобу аталган комплексти өзүнүн командалык пунктуна айланткан, ал жактагы бейтаптарды тирүү калкан кылып пайдаланууда деп айыптап келет. Радикал топ бул дооматтарды четке кагууда.

Израил оорукананы аткылабаганын айтканы менен, жөөт мамлекетинин жетекчилери 7-октябрда кол салып, 1 миң 200дөй кишини өлтүргөн жоочуларды түп тамыры менен жок кылабыз дешкен.

Кол салуудан кийин ХАМАСка согуш ачкан Израил Газаны бомбалап, кийин жерден операция баштаган. Радикал топ көзөмөлдөгөн тилкенин Саламаттык сактоо министрлиги 11 миң 240 кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Арасында 4 миң 630 наристе бар.

Эл аралык гуманитардык уюмдар жүз миңдеген палестиналык жер которууга аргасыз болгонун, анклавды гуманитардык апаат каптаганын эскертишүүдө.

АКШ президенти Жо Байден Израилге Аш-Шифа ооруканасын коргоо керектигин айтты. Кабарчынын суроосуна жооп берип жатып: “Ооруканага мынчалык катуу чара көрүлбөйт деп күтөм жана ишенем”, - деди.

Байден “маселени израилдиктер менен талкуулап жатканын” кошумчалады.

Ага чейин Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэтью Миллер АКШ карапайым элдин азап чегүүсүн каалабайт, “ХАМАС командалык борбор кылып пайдаланган оорукананы дароо бошотсо, жакшы болмок” деп айткан.

Дагы караңыз

УКМК Анвар Габбазов ЦУМдун ээси экенин билдирди"Мекендештер - 2023": Мигранттар инвестиция салууга кепилдик сураштыКелерки жылга ажылык сапарга каттоо аяктады