Кыргызстанда диабетке чалдыккандар жыл сайын 5-7 миңге көбөйүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кант диабетине чалдыккандар жыл сайын кеминде 5-7 миңге көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн 14-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеме Диабетке каршы эл аралык күнгө карата жарыялаган маалыматында азыркы тапта Кыргызстанда кант диабети деген диагноз менен каттоодо тургандар 74 810 адам экенин кошумчалады.

Диабет дүйнө жүзүндө эң көп катталуучу өнөкөт илдеттердин бири, соңку кезде ал, адистердин айтымында, улам курчуп бараткан социалдык көйгөйгө айланууда.

Дүйнөдө ар бир 15 жыл сайын бул ооруга чалдыккандар эки эсе көбөйүүдө, анын айынан жыл сайын 1 миллион киши бутунан ажырап, 700 миң киши көзү көрбөй калууда.

Адамдын организми кандагы глюкозанын деңгээлин жөнгө салуучу инсулин гормонун тийиштүү өлчөмдө иштеп чыгара албай калганда диабет оорусу пайда болот.

Адистер Кыргызстанда соңку жылдары бул илдетке чалдыккандар арасында жаштар, балдар көбөйгөнүн айтып келишет.