Сентябрь айында Кыргызстанга сыртта жүргөн мигранттардан 174 млн доллар келген. Бул августтагы көрсөткүч -155,9 млн долларга караганда 18,5 млн долларга көп.
Ошол эле учурда былтыр сентябрдагы жеке которулган акчанын суммасы - 291,9 млн долларга караганда 117,5 млн долларга аз.
Улуттук банктын маалыматында, эң көп акча - 159 млн доллар Орусиядагы мигранттардан жеке которулган. АКШдан 2,9 млн доллар, калган бардык өлкөлөрдөн чогулуп 8,6 млн доллар жиберилген.
Жалпы жыл башынан бери сыртта жүргөн мигранттардан 1 млрд 437,6 млн доллар которулган. Бул былтыркы жылдын тогуз айына караганда 774 млн долларга аз.
2022-жылы Кыргызстанга мигранттардан 2 млрд 928,2 млн доллар келген.(ZKo)
Дагы караңыз
Еврокомиссия Орусияга жаңы санкцияларды киргизери күтүлүүдөБУУ күйүүчү май берилбесе, Газадагы иши токтошу мүмкүн экенин эскерттиКурманбек Бакиевди "Закир Салиевге" айланткан сырОрусияга жөнөтүлгөн кооптуу жүк. Маңзат катылган дарбыз УКМК Мадумаровдун жээнин, досун жана журналистти суракка чакырды