13-ноябрда абактагы оппозициялык саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жээни Элмурат Калыбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары сурак берип чыкты. Ал “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун ишине байланыштуу эки сааттан ашык суралганын “Азаттыкка” өзү айтты.
“Бишкек шаардык сотунда 13-сентябрда Адахан Мадумаровдун биринчи соту болгон. Ошол жерде Замирбек Шамшидин уулу сүйлөгөн сөздөр боюнча күбө катары суралдым. Сурак купуя сыр боюнча калат деп кол коюп бердим”.
Ушул эле иш боюнча 13-ноябрда УКМКда журналист Канышай Мамыркулова да күбө катары суралган. УКМК сурак боюнча комментарий бере элек.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Замирбек Шамшидин уулун 25-сентябрда баш калаадагы №1 тергөө абагына камаган. 13-ноябрда сот анын камактагы мөөнөтүн 8-декабрга чейин узартты.
8-сентябрда Шамшидин уулуна Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен иш козголгон. 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунун алдында сүйлөгөн сөзүн экспертизага берип, иш “Массалык баш аламандыктар” беренесине өзгөртүлгөнүн адвокаты билдирген. (BTo)
Дагы караңыз
Каракалпак активисти Юлдашева Актөбө шаарындагы СИЗОдон чыктыАтайын кызмат Бишкекте чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөткөн жайды таптыСириядагы лагерлерде өзбекстандык 200дөй бала менен аял отуратОшто карактоого шек саналып кармалган тогуз адам эки айга камалдыИзраил 7-октябрдагы кол салуудан каза тапкандардын расмий эсебин өзгөрттүИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди узартуу сунушталдыСицилияда Этна жанар тоосу атыла баштады