Ошто карактоого шек саналып кармалган тогуз адам эки айга камалды

Каракчылыкка шектелип кармалгандардын айрымдары. Ош. 11-ноябрь, 2023-жыл.

Ош шаарында куралдуу карактоого жана экстремизм, терроризмге шек саналып кармалган тогуз адамдын бөгөт чарасы 11-ноябрда каралып, эки айга камакка алынды. Кармалгандардын экөө аялдар.

Ош шаардык милициясынын маалыматына караганда, бул кылмыштуу топтун мурда жасалган жана даярдалып жаткан 29 кылмыш иши аныкталып, аларга тиешелүү жарандарга издөө жарыяланган. Камакка алынгандардын арасында коңшу өлкөлөрдүн жарандары да бар.

9-ноябрда атайын операциянын жүрүшүндө Ошто экстремизм-терроризмге шек саналып 11 адам кармалган.

Шаардык ички иштер башкармалыгы кармалгандар быйыл апрель айында акча алмаштыруу жайында болгон каракчылыкка катышкандарга тиешеси бар экенин билдирүүдө. Ал окуяда жабырлануучу жараат алып, 3,6 млн сом материалдык зыян тарткан.

"Бул кылмышты иликтөө учурунда жалпысынан 17 адам кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган, анын ичинен 14ү эркек, үчөө аял. Алардын 13ү камакта, үчөө үй камагында. Бирөө кармоо учурунда каршылык көрсөткөнү үчүн Чүй облусунун аймагында жок кылынган", - деп жазылган маалыматта.

Тергөө уланууда. Алынган куралдардын жарактуулугун текшерүү үчүн атайын экспертизалар дайындалды. (DSh)

Дагы караңыз

Ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди узартуу сунушталдыУКМК Мадумаровдун жээнин, досун жана журналистти суракка чакырды Сицилияда Этна жанар тоосу атыла баштадыТаштандыдан табылган ымыркай: Эне кармалды. Ата кайда? Харьков жана Донецк облустарында айыгышкан салгылашуулар улануудаЖурналист Мамыркулова УКМКда күбө катары сурак берип чыкты