Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди дагы бир жылга узартууну сунушун берди. Министрлик иштеп чыккан долбоор 13-ноябрда коомдук талкууга коюлду.
Анда кылмыш иши козголгон, ишкерлерге каршы арыз жазылган, башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары суроо-талап кылган учурларды кошпогондо бизнести текшерүүгө 2024-жылы убактылуу тыюу салуу сунушу жазылган.
Былтыр 21-ноябрда президент Садыр Жапаров ишкерлерди 2023-жылы текшерүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Буга укук коргоо, салык жана көзөмөл органдарынын мыйзамсыз текшерүүлөрү, ыйгарым укуктарынан аша чапкан учурлар тууралуу ишкерлерден, коммерциялык банктардан даттануулар көп түшүп жатканы негиз болгону айтылган.
Кыргызстанда ишкерлерди текшерүү укугу 16 мамлекеттик органда бар. Алардын ичинен Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция, Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча агенттик, Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызмат ишкерлерди көп текшерет. Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы да бар.
Ишкерлерди текшерүүгө 2019-жылы да мораторий киргизилип, ал 2022-жылдын биринчи январына чейин узартылган. Бирок анын жыйынтыгы кандай болгону тууралуу маалымат жок. (BTo)
Дагы караңыз
Сицилияда Этна жанар тоосу атыла баштадыХарьков жана Донецк облустарында айыгышкан салгылашуулар улануудаЖурналист Мамыркулова УКМКда күбө катары сурак берип чыктыТогуз айда Орусиядан 1900 кыргыз жараны депортация болду АКШ Сириянын түштүк-чыгышындагы иранчыл топторго сокку урдуГазада ооруканадан чыга албай калгандар Израилдин маалыматын четке кактыАбактагы Жээнбеков саясий куугунтук күчөгөнүн айтты