Сицилияда Европадагы эң чоң Этна вулканы атыла баштады. Италиянын жанар тоолорду изилдеген институту лава түштүк-чыгыш тарабындагы кратерден атылганын маалымдады. Күл аралаш чаң, кум деңизден 4 жарым миң метр бийиктикке көтөрүлдү.
Жанар тоодон атылган күл аралдын чыгышында, Катания-Мессина кан жолуна жакын жердеги Ачиреале шаарына жакын жерге, тоо этектерине чейин жеткени катталды.
Вулканологдордун маалыматтары боюнча, Этнанын азыркы активдүүлүгү Сицилиянын Катания аэропортунун ишине таасир этпейт.
Бийиктиги 3357 метрди түзгөн Этнада 200-400 кратер бар. Алардан бир нече айда бир ирет лава атылып турат. Жанар тоо ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Дагы караңыз
Харьков жана Донецк облустарында айыгышкан салгылашуулар улануудаЖурналист Мамыркулова УКМКда күбө катары сурак берип чыктыАк илбирсти коргогон ыктыярчылар