Атайын кызмат Бишкекте чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөткөн жайды тапты

Сойкукана уюштурууга шектүүлөр. Бишкек. 13-ноябрь, 2023-жыл (Сүрөт УКМКга таандык)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөтүүгө адистешкен кылмыштуу топтун ишмердигин аныктап, бөгөт койгонун билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул топ расмий түрдө үйлөнүү үлпөт салонун уюштуруп, чындыгында ал жерде чет өлкөлүк жарандар үчүн интимдик кызмат көрсөтүлүп жүргөнү аныкталды. Ошондой эле жаш кыздарды официант катары ишке чакырып, бирок түрдүү шылтоолор - коркутуу, шантаж жана акчага азгырып, сойкулукка тартууга аракет кылышкан.

Салонду текшерүү учурунда ал жерде 30дан ашык кыз жана 16 чет элдик жаран болгон. Маалыматка ылайык, кыздардын арасында жашы жете электер да бардыгы аныкталган. Алар бул ишке кантип тартылганы боюнча текшерүү жүрүүдө.

Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренеси (“Сойкулук кылууга тартуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде салондун уюштуруучулары “Б. Б.”, “М. К.” жана “Н. Ч.” аттуу жарандар кармалган. Үчөө тең УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Коопсуздук кызматы учурда бул жайды уюштурууга жана иштетүүгө тиешеси бар, аны коргоого алган башка адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

УКМК 3-ноябрда Бишкекте сойкулукту уюштурууга жана колдоого байланыштуу шаардык милициянын, Свердлов милициясынын кызматкерлерин жана Пакистандын жаранын кармаган. Үчөө тең атайын кызматтын тергөө абагына камалганы кабарланган. (ZKo)

Дагы караңыз

Тогуз айда Орусиядан 1900 кыргыз жараны депортация болду Сокулук: Окуучу бомба тууралуу жалган маалымат тараткан деп шектелүүдө Таштандыдан табылган ымыркайдын туугандары изделип жатат Газа: жарыксыз калган оорукана, жардамга муктаж ымыркайлар Орус мамлекеттик агенттиктери Украинадагы аскерлер тууралуу маалыматты өчүрдү