Кызылча боюнча абал оор, илдетке чалдыккандар 3600дөн ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кызылча (корь) оорусу боюнча абал оор бойдон. Бул тууралуу 13-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул илдетке чалдыккандар 3618ге жетти, алардын эң көбү Бишкекте, Чүйдө жана Жалал-Абадда. Бул аймактарда вирус бала бакчаларда жана мектептерде эмделбеген балдар арасында активдүү жайылып жатканы белгиленди.

Бейтаптардын 88% 10 жашка чейинки курактагы балдар. Ооругандардын 87% түрдүү себептен улам эмдөөдөн өтпөй калгандар.

Кыргызстанда баласын кызылчага каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 16 миңге жеткенин 2-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун расмий маалыматына караганда, быйыл кызылчадан үч бала чарчап калды. Алар бир, төрт жаштагы эки наристе жана 13 жаштагы бир өспүрүм. Үчөө тең эмделген эмес балдар болчу.

Оорунун жайылышын таптакыр токтотуу үчүн эмделгендер 95% камтылышы зарыл, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 77% түзүүдө.

Кызылча аба аркылуу тараган өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны бир жана алты жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрынан тарта кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына эки-үч миңге чейин жетип жаткан. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган. (RK)

Дагы караңыз

Мадумаровдун жээни УКМКга суракка чакырылдыАбактагы активист Гүлжигит Исаковдун тарапташтары президентке кайрылдыДан эгиндери өткөн жылга караганда 15% аз жыйналды