Алматыда Болат Назарбаев каза болгону кабарланды

Болат Назарбаев

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Болат Назарбаев 70 жашында дүйнөдөн кайтканын 13-ноябрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ratel.kz агенттиги өз булактарына таянып, Болат Назарбаев 13-ноябрда, саат 9:28де каза болгонун жазды. Маалыматка ылайык, анын өмүрүн сактап калуу үчүн жасалган реанимациялык аракеттер жардам берген эмес.

Болат Назарбаев ноябрдын башында саламаттыгы начарлап, Алматыдагы борбордук клиникага жаткырылганы маалым болгон. Басылмалар ал бейтапканага "миокард инфарктына" байланыштуу жеткирилгенин жазышкан. Кийинчерээк абалы оорлоп баратканы кабарланган.

Болат Назарбаев — Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү иниси.

Нурсултан Назарбаевдин жакындары жана алардын байлыгы тууралуу 2022-жылкы Январь окуяларынан кийин көп айтыла баштаган. Кандуу окуядан соң Назарбаевдин жакындары өлкөдөгү таасирин жоготкону да айтылып келет.

Дагы караңыз

Казакстанда экс-министр аялынын өлүмүнө шек саналып камалдыАк илбирсти коргогон ыктыярчыларБишкек-Ош жолунда жүк ташыган машинелерге чектөө киргизилди"Уулумду 12 жылдан бери издейм". Дайынсыз кеткендердин баяныГаза: жарыксыз калган оорукана, жардамга муктаж ымыркайлар