Казакстанда экс-министр аялынын өлүмүнө шек саналып камалды

Куандык Бишимбаев

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев 31 жаштагы Салтанат Нукенованын өлүмүнө шек саналууда. Экс-министр 11-ноябрда Астана сотунун чечими менен "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында эки айга камалды.

12-ноябрдын кечинде ушул ишке байланыштуу Астанадагы "Гастро-борбор" деп аталган соода борборунун жетекчиси да "адам өлүмүн жашырган" деген шек менен кармалды.

Астананын полиция департаменти маалымдагандай, келин аталган борбордогу ресторандардын биринде сабалган. Полиция "кылмышты жашыруу" жана "коркунучта калтыруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы ал коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алганы үчүн айып тагылган. 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Дагы караңыз

Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган машинелерге чектөө киргизилди"Уулумду 12 жылдан бери издейм". Дайынсыз кеткендердин баяныЛавров Орусияны Борбор Азиядан сүрүп чыгаруу аракети жүрүп жатканын айтты Газа: жарыксыз калган оорукана, жардамга муктаж ымыркайлар Германия Украинага аскердик жардамын эки эсе көбөйтөт