Москва прокуратурасы журналист Юрий Дудь боюнча текшерүү баштады

Юрий Дудь.

Москва прокуратурасы журналист Юрий Дудга карата армияны дискредитациялоо тууралуу кылмыш беренесинин негизинде текшерүү жүргүзө баштаганын 11-ноябрда ТАСС маалымат агенттиги күч органдарындагы булактарына таянып билдирди.

Маалыматта айтылгандай, буга бир адамдан журналисттин ырчы Вика Цыганова жана анын күйөөсү Вадим менен курган маегине байланыштуу түшкөн арызы негиз болду. Арызды ким жазганы так айтылган жок, бирок буга чейин Дудга каршы активист Виталий Бородин арызданганы айтылган.

Юрий Дудь – орусиялык журналист жана белгилүү видеоблогер, Орусиядагы 10 миллиондон ашуун катталуучусу бар белгилүү "вДудь" Ютуб-каналынын автору. Дудь атактуу адамдардан интервью алып, даректүү тасмаларды тартып келет.

2022-жылы Орусия Украинага кол салганда журналист орус бийлигинин бул кадамын ачык сындап, чет өлкөгө чыгып кеткен.