“Учкучсуз учак курагыбыз келет”. Ракета кураган бир туугандар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

18 жаштагы Алишер жана анын карындашы, 15 жаштагы Аида Кыргызстанды ракета жана авиа моделдөө спорту боюнча эл аралык сынактарда таанытып келе жатат.

Бирок Кыргызстан Эл аралык авиация федерациясына мүчө болбогондуктан, федерация уюштурган көп сынактардан баш тартууга же башка мамлекеттин атынан катышууга мажбур болушат.