Төө-Ашууда жүк ташыган машинелерге киргизилген чектөө алынды

Бишкек - Ош жолу.

Бишкек-Ош жолундагы “Арал”, "Сосновка" өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме Бишкек - Ош автоунаа жолунда кырдаал туруктуу, жол ачык экенин билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашууларды кар басканын белгилеп, алыс жолго чыга турган айдоочуларга унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну эскертүүдө.

"10-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда автоунаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды, ашууларды толук көзөмөлдөп жатат. Каракол - Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу жана Барскоон - Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кар жаап, бороон болууда, бирок каттам токтогон жок", - деп билдирди аталган мекеме.

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам 9-ноябрда эртең менен Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилген. (КЕ)

Дагы караңыз

Кытай түрмөсүндөгү кыргыз жарандарын мекенине которуу маселеси көтөрүлдү11-ноябрдын аба ырайыЖол кырсыгына кабылган үч аскер кызматкеринин дагы бири каза болдуБишкекте эки өспүрүм кыз өгөй атасынын ур-токмогуна кабылды