"Уулумду 12 жылдан бери издейм". Дайынсыз кеткендердин баяны

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

15 жыл мурун дайынсыз кеткен кыргызстандык жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунан табылып, консулдуктун жардамы менен мекенине кайтып келген. Бул окуя бир нече жылдан бери уул-кызынын дайынын таппай жүргөн ата-энелердин үмүтүн жандыргандай болду.

Ушу тапта Кыргызстанда жүзгө чукул кишинин дайыны табылбай издөө жарыяланган. "Азаттык" он жылдан ашык убакыттан бери жалгыз уулун таба албай жүргөн эки эненин муң-зарын укту.