Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Ташкент шаарында өтүп жаткан саммитинде Жакынкы Чыгыштагы абал “глобалдуу тынчтыкка жана коопсуздукка” олуттуу коркунуч жаратып жатканын билдирип, ХАМАС куралдуу тобу менен Израилди ок атууну токтотууга, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого чакырды.
Мирзиёев "кандуу жаңжалдын курмандыктарына биринчи кезекте жайкын адамдар, өзгөчө аялдар, балдар жана карылар айланганын” белгиледи.
"Палестинанын эли өзүнүн көз карандысыз мамлекетин түзүүгө укуктуу деген бекем позициябызды кайталайбыз. Муну БУУнун резолюциялары да бышыктайт”, - деп билдирди Мирзиёев.
Ташкенттеги саммитке уюмга мүчө мамлекеттер Азербайжан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстандын президенттери, Казакстан, Пакистандын өкмөт башчылары катышууда.
Уюмдун буга чейинки жыйыны 2021-жылы Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабадда өткөн. Экономикалык кызматташуу уюмун 1985-жылы Иран, Пакистан жана Түркия түзгөн. Анын баш кеңсеси Тегеранда жайгашкан.
Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан бул уюмга 1992-жылдан бери мүчө.
Жыйында соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт, гуманитардык тармактардагы кыматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланууда.
Дагы караңыз
Министрлик таштандыдан табылган ымыркай тууралуу маалымат бердиИзраил: шаршембиде Газанын түштүгүнө 50 миң киши чыгып кеттиАКШ Сириядагы иранчыл күчтөрдүн жайларына сокку урду